Баткен. Айт намазга 5000дей адам келди

Бүгүн, 15-октябрь күнү Баткен шаарынын борбордук аянтына Айт намазына 5 000дей адам келди. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Кочкоров, облус казысы Жусуп Балтабаев, облус жетекчиси Жеңиш Разаков, шаар мэри жана башка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, шаардыктар катышты. Бийлик өкүлдөрү шаардыктарды улуу Курман айт майрамы менен куттукташты. Айта кетсек, буга чейин Айт намазы борбордук мечитте окулуп келген, быйыл борбордук аянтта өттү.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан