Жогорку Соттун төрайымынын ыйгарым укуктарын токтотуп туруу боюнча президент Жогорку Кеңешке сунуш келтирди

Бүгүн, 31-мартта Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат.

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов Жогорку Соттун төраймы Гүлбара Калиеванын ыйгарым укуктарын убактылуу токтотуп туруу боюнча президенттин сунушун күн тартибине киргизүүнү сурады. Калиеванын ыйгарым укуктарын убактылуу токтотуп туруу үчүн эл өкүлдөрүнүн макулдугу талап кылынат.

24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат берип жатып Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиевага карата кылмыш иши козголгонун айтып, эгер тартип комиссиясы макулдугун берсе камакка алынарын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан