Кыргыз-Казак чек арасындагы "Ак-Жол автожол" – "Кордай автожол" көзөмөл-өткөрүү пункттары ачылды

Премьер-министр Улукбек Марипов Кыргыз-Казак мамлекеттик чек арасындагы "Ак-Жол автожол" – "Кордай автожол" көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ачылыш салтанатына катышты.

Көзөмөл-өткөрүү пункттарын ачуу аземине ошондой эле Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Мамин да катышты.

Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Премьер-министр өз сөзүндө, өткөрүү пункттарын реконструкциялоо жана модернизациялоонун негизги максаты Кыргыз-Казак мамлекеттик чек арасын кесип өткөн адамдар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп санала турганын белгилеген.

"Өлкө жөнүндө алгачкы пикирлер чек арадан башталат. Ошондуктан жаңыдан ачылган өткөрүү пункттары эл аралык стандарттарга толугу менен жооп берет жана заманбап жабдылган.

Паспорттук көзөмөлдөн өткөрүү кабиналарынын саны көбөйтүлгөн, ал чек араны кесип өтүүчү жарандардын убактысын кыскартууга мүмкүндүк берет. Өткөрүү пункттарынын ачылышы экспорт жана импорттун көлөмүн жогорулатууга, эки өлкөнүн транзиттик потенциалын чыңдоого багытталган стратегиялык милдеттерди чечүүгө карай кадам болуп саналат", - деген Марипов.

Белгилей кетсек, "Ак-Жол автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктун реконструкциялоо жана модернизациялоо иши 2020-жылы башталган. Долбоордун жалпы сметалык наркы 342 миллион 300 миң сомду түзөт.

Реконструкциялоодон соң көзөмөл-өткөрүү пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү 2,5 эсеге жогорулайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан