Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 2-апрелде Москва шаарында боло турган КМШга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жыйындын жүрүшүндө актуалдуу эл аралык жана регионалдык көйгөйлөр жана шериктештиктин алкагында түрдүү багыттар боюнча, анын ичинде КМШ мейкиндигинде коронавирус инфекциясынын жайылышы менен күрөшүү жаатында кызматташууну андан ары өнүктүрүү тууралуу пикир алмашуу болду.
Тышкы иштер министрлери 2021-2030-жылдарга карата КМШга мүчө-мамлекеттердин дене тарбия жана спорт жаатындагы кызматташуу стратегиясын, 2021-2030-жылдарга карата КМШга мүчө мамлекеттердин эл аралык жаштар кызматташуусунун стратегиясын, ошондой эле 2021-2030-жылдарга карата КМШга мүчө мамлекеттердин туризм жаатындагы кызматташуу стратегиясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар пландарын бекитишти.
Мындан тышкары, тышкы саясий ведомстволордун башчылары КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жана Өкмөт башчыларынын кеңешинин алдыда боло турган отурумдарына киргизиле турган бир катар документтерди жактырышты.
КМШ Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кийинки жыйынын 14-октябрда Беларуста Минск шаарында өткөрүү пландалууда.