Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 3-4-апрелде иш сапары менен Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Баткен облусунда мамлекет башчысы "Коопсуздук-2021" жана "Түштүктү калыптоо-2021" аскердик машыгууларынын жыйынтыктоочу этабына байкоо салат. Мындан сырткары энергетика жана өнөр жай объектилерин көрүп чыгат.
Иш сапардын экинчи күнүндө президент Садыр Жапаров Ош облусунун Алай районуна барат.