Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн тизмеси шайлоочулардын "Тизме" мамлекеттик порталына жарыяланды. Ошол эле учурда аталган порталда референдумга катышуучулардын тизмеси да илинген.
1-апрелге карата референдумга катышуучулардын саны 3 миллион адамдан ашып, анын ичинен 2 миллионго чукул жаран эркектер болсо, 1 миллион 880 миң 352и аялдар.
Ушул эле убакытка карата жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого добуш берүүчүлөрдүн саны 3 миллиондон ашты.
Референдумду өткөрүү үчүн 2 миң 483 шайлоо тилкеси ачылса, анын 48и чет мамлекеттердеги шайлоо тилкелер.
Кыргыз өлкөсүндө 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтөт. Ушул эле күнү президенттик башкарууга багытталган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлат.