Эл өкүлү Тажикстандын мурунку чиновнигинин чек ара боюнча айтканына жооп берүүсүн талап кылды

Депутат Умбеталы Кыдыралиев Тажикстандын экс-тышкы иштер министри Хамрохон Зарифинин чек ара маселелери боюнча билдирүүлөрүнө байланыштуу жооп берүүсүн өтүндү. Айтымында, Тажикстан менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосунда чек ара боюнча маселе курчуп баратат.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында депутат Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстандын ортосундагы чек араны делимитациялоо аяктагандыгын эске салып, Тажикстан менен сүйлөшүүлөр оор болуп жатканын жана азыркы таптагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү жөнүндө тышкы иштер министри Руслан Казакбаевден сурады.

"Чек ара маселеси бул дүйнө өлкөлөрүндөгү олуттуу маселе. Бул маселе абдан кылдаттык менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде жана ошол мамлекеттердин калкынын пайдасын эске алуу менен чечилиши керек. Азыркы тапта эки өлкө менен тең сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - деп жооп берди Казакбаев.

Ага улай эл өкүлү Тажикстандын отставкадагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифинин Ворухту анклав катары тааныбоо жөнүндө айткан сөзүнө жооп бериши керек экенин айтты.

"Биздин аймакта Ворух деген анклав бар. Ошону азыр анклав экенин моюнга албай жатат. Мени тынчсыздандырганы ал мурунку тышкы иштер министри экен. Биз тараптан дайыма Тажикстан менен Кыргыз өлкөсүнүн аймагын чечип алалы деген демилге болот.

Аларда 1990-жылы жарандык согуш болуп жатканда да биз түшүнүп, стабилдүүлүк болсун деп бул маселени көтөргөн эмеспиз. Силер эми элементардуу мындай сөзгө реакция билдиришиңер керек. Ал пенсияда болсо да эки элдин ортосундагы мамилени курчутуп жатат", - деди депутат.

"Мен сиздин оюңузга толугу менен кошулам, бирок мындай маселелерди жабык эшик артында талкуулаганыбыз оң, чек ара назик тема", - деди Кыдыралиевге кайрылган депутат Исхак Пирматов.

Буга чейин Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи "Ворухтун аймагы - Тажикстандын түбөлүктүү аймагы" деп жазган.
Көп өтпөй Хамрохон Зарифинин билдирүүсүнө УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жооп кайтарган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан