
Бүгүн, 7-апрель - Элдик апрель революциясынын күнү
.
Жогорку Кеңештин депутаттары 2011-жылдын 17-ноябрындагы кезектеги жыйынында "7-апрель – Элдик апрель революциясы күнү жөнүндө" мыйзам долбоорун бир добуштан кабыл алышкан.
Аталган мыйзам долбоору 2010-жылдагы курман болгон баатырларды эскерүү жана өлкөнүн жаштарын патриоттук сезимдерге тарбиялоо максатында иштелип чыккан.
2010-жылы ушул күнү эл мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыгып, митингге чыгышкан.
Ошол күнү элге ок чыгарылып, 80ден ашык киши каза болгон. Ал эми 100дөн ашуун жаран жаракат алган. Ошондон кийин Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен өлкөдөн качып кеткен. Андан соң өлкөдө убактылуу өкмөт түзүлүп, мамлекетти башкарууну Роза Отунбаева колго алган. Бул күн Кыргыз мамлекетинде майрам катары кабыл алынган.
2020-жылы 7-Апрель революциясынын 10 жылдыгына арналып тартылган "Менин жалгыз мекеним бар – ал Кыргызстан" аттуу тасма жарык көргөн.
7-апрелдин жылнаамасы.