Садыр Жапаров Ирандын тышкы иштер министрин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-апрелде Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифти кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Жолугушууда саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча пикир алмашуу болду.
Садыр Жапаров эки өлкө ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээлине токтолуп, Иран менен соода-экономикалык мамилелерди, анын ичинде инвестициялык чөйрөнү чыңдоого кызыкдар экендигин билдирди.
"Кыргыз өлкөсүнүн экономикасына инвестиция салууну каалаган ирандык чакан жана орто бизнес өкүлдөрү үчүн биздин эшик ар дайым ачык. Учурда биз чет элдик инвесторлорго жагымдуу шарттарды түзүү үчүн көп аракеттерди жасап жатабыз. Инвесторлорго болгон мамиле мындан ары өзгөчө болорун баса белгилеп кетким келет", - деди Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров эки тараптуу кызматташуунун жигердүү багыты катары маданий-гуманитардык кызматташуу темасына токтолуп, Иран жетекчилигине Ош шаарында спорт комплексинин курулушун каржылоосу жана пандемия башталган маалда берилген гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф Иранды бир катар багыттар боюнча эл аралык аренада колдоосу үчүн Кыргыз мамлекетине ыраазычылыгын билдирип, Иран жетекчилиги Кыргыз өлкөсү менен туруктуу кызматташууга даяр экендигин баса белгиледи.
Мохаммад Жавад Зариф Иран президенти Хасан Руханинин куттуктоосун жеткирип, эки тараптын ар кыл тармактарда кызматташуусу үчүн чоң потенциалга ээ экендигин, анткени өлкөлөрдү жалпы тарыхый жана маданий байланыштар бириктирип турарын кошумчалады.
Ошондой эле ал жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жана жаңы Баш мыйзамдын долбоору боюнча референдумдун ийгиликтүү өтүшүн каалап, Кыргыз өлкөсүндө коопсуздуктун жана туруктуулуктун сакталышы Иран үчүн маанилүү экендигин баса белгиледи.
Министр соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча биргелешкен кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги отурумун өткөрүүнүн актуалдуулугуна токтолду.
Жол жана транзиттик потенциал чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүнү эң жогорку артыкчылык деп атаган Мохаммад Жавад Зариф кыргыз тараптын экономиканын ар кыл тармактарына - айыл чарба, фармацевтика, гидроэнергетика жана жол инфратүзүмүн өнүктүрүүгө каражат салууга даяр ирандык инвесторлорду тартуу ниетин кубаттады.
Мохаммад Жавад Зариф Иран жетекчилигинин атынан Садыр Жапаровду өлкөгө сапар менен келип кетүүгө чакырды.
Жолугушууну жыйынтыктап жатып, президент Жапаров Кыргыз өлкөсүнүн эки тараптуу кызматташууну, айрыкча экономикалык жана инвестициялык байланыштарды активдештирүүгө даяр экендигин дагы бир жолу ырастады. Ошондой эле Ирандын президенти Хасан Руханиге салам жолдоду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан