Социалдык тармакта Бишкек шаарынын батышында асмандан белгисиз жарык түшкөн видео тарап, ал метеорит болушу мүмкүн экени божомолдонгон.
Бул болжолдуу маалымат такталып жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Бишкек шаарынын аймагынан 7-апрелге караган таңда тургундар асмандан учуп түшкөн жарыкты видеого тартып алышкан.