Социалдык тармакта Бишкек шаарынын батышында асмандан белгисиз жарык түшкөн видео тарады.
Аталган жаратылыш кубулушун күбөлөр тартып алышкан. Ал метеорит болушу мүмкүн экени божомолдонууда. Түстүү жарыкты Бишкектен да, Чүй облусунан да көрүшкөнүн социалдык тармактын колдонуучулары жазып чыгышты.