Атактуулуктун жолу кимге тикендүү, кимге тегиз дегендей, түрлүү болот тура. Атактуу режиссёр Эрнест Абдыжапаров өзүнүн жолун күлдүрүп, таасирлентип, таң калтырып айтып берди. Окуйм деп кайнатасынын уйларын саттырганы, “Таранчынын” таржымалы, Элина Абай кызынын жылдызы кантип жанганы, Манас дүйнөсү, аяндары... Ар бири өзүнчө тарых. Таң калтырганы – 33 жашында биринчи тасмасын тартканы, 43 жашында эң чоң тасмасын тартканы болду. Демек, мага, сизге, дегеле эч кимге атактуу болушка кеч эмес экен.
Маекти толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы, №957 санынан окуй аласыз.