Депутат Мусабекова: "Мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугу боюнча атайын программасы жоктугунун азабын тартып жатабыз"

"Мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугу боюнча атайын программасы жоктугунун азабын тартып жатабыз", - деп бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жылдыз Мусабекова билдирди.

"Жаз жарыш, күз күрөш демекчи жазгы талаа иштери башталды. Жазгы талаа иштерине даярдык боюнча өкмөттүн маалыматын уга элекпиз. Негизи эле эгемендүүлүк алганы мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугу боюнча атайын программасы жок. Мунун азабын тартып жатабыз. Элге абдан кыйын болууда. Азык-түлүктөр кымбаттап жатат. Ата мекендик өндүрүштөрдү коргоо боюнча мамлекеттин программасы жок. Дыйкандарга жеткиликтүү жардам бербеген үчүн ушундай болуп жатат. Жазгы талаа иштерине даярдык боюнча тийиштүү жетекчилердин маалыматын угуу зарыл", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан