Депутаттар Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча маалымат берүү үчүн ички иштер министри өзү келиши керектигин айтышты

Депутаттар Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча маалымат берүү үчүн ички иштер министри өзү келиши керектигин айтышты. Бул тууралуу алар бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдиришти.

"Ички иштер министринин орун басарынын маалыматын угуп эмне кылабыз? Министр премьер-министр менен жолугуп жатат. Биз менен эмнеге жолугушпайт? Өзү баяндама жасасын. Мындай министрдин эмне кереги бар? Министр болдубу жоопкерчиликти алсын", - деди Дастан Бекешев.

Депутат Айсулуу Мамашова: "Министр өзү келсин. Жоопкерчиликти өз моюнуна алсын. Министр өзүнүн оюн айтсын. Ушундай болгондон кийин бирөө жоопкерчиликти алсын", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан