Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча маселе каралып жатат.
Депутат Айнура Аскарова ички иштер министри Улан Ниязовдон митингчилердин алдына эмнеге чыкпай койгонун сурады.
"Митингге чыккандарга менин орун басарым, тергөө кызматынын башчысы, басма сөз кызматынын жетекчиси чыкты. Ал жерде кишилер сөз укпай койгон. Өкмөт үйүнө келгенде чогулуш болуп жаткан, премьер-министр өзү чыкты", - деди министр.