Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-апрелде Азербайжандын Кыргыз өлкөсүндөгү атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Гидаят Оруджевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат бөлүмүнөн билдиришти.
Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-дипломатиялык, соода-экономикалык, социалдык-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчы Кыргыз өлкөсү Азербайжан менен салттуу достук байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгиледи.
Садыр Жапаров саясий диалогду жогорку деңгээлде колдоонун маанилүүлүгүнө токтолуп, кыргыз тарап Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин расмий сапар менен келерин күтүп жаткандыгын айтты.
Ал Кыргыз өлкөсү менен Азербайжандын ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын бири катары олуттуу, бирок ишке аша элек потенциалга ээ экономикалык кызматташтыкты диверсификациялоону атады.
Кырдаалды оңдоп кетүү үчүн мамлекет башчысы 2021-жылы өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын өткөрүү, бизнес коомчулуктун өкүлдөрүнүн иш сапарларын уюштуруу, ошондой эле өз ара пайдалуу экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу жолу менен эки өлкө ортосундагы соода- экономикалык кызматташтыкты активдештирүүнү сунуш кылды.
Ошону менен бирге Садыр Жапаров азербайжан тарапка эки долбоорду — Бишкек шаарындагы Кыргыз өлкөсү-Азербайжан достук паркынын жана Гейдар Алиев атындагы жалпы билим берүүчү мектептин курулушун ишке ашырууга каржылык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Азербайжан башчысынын Кыргыз мамлекетине боло турган алдыдагы иш сапарына карата аталган курулуштар аяктарын кошумчалады.
Ошондой эле Садыр Жапаров «Баку-Бишкек» түз аба каттамын калыбына келтирүү маселесине токтолуп, бул маселенин оң жагына чечүүнү караштырып, тездетүүнү сунуш кылды.
Элчи Гидаят Оруджев Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Садыр Жапаровго жолдогон саламын айтып, анын жетекчилиги астында өлкөлөр ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелер мындан ары тереңдейт деген бекем ишенимин билдирди.
Ошондой эле ал Азербайжан тараптын Кыргыз өлкөсүнө жаңы инвестицияларды тартууга даяр экендигин маалымдап, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн колдонула элек чоң мүмкүнчүлүктөрдү белгиледи.
Гидаят Оруджев Азербайжандын президенти Садыр Жапаровдун жүргүзүп жаткан саясатын колдой тургандыгын баса белгилеп, өз мамлекетинин жетекчилигинин атынан мамлекет башчысын Азербайжанга сапар менен келип кетүүгө чакырды.
Президент Садыр Жапаров дагы Азербайжандын президенти Ильхам Алиевге саламын жолдоп, Гидаят Оруджевдин дипломатиялык ишмердигине ийгиликтерди каалады.