"Кыргыз эли өлкөсүн күчтүү, өнүккөн жана укуктук мамлекет катары көргүсү келет" дейт чет элдик байкоочу

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун парламенттик ассамблеясынын мүчөсү Анотолий Выборный референдумга байкоо жүргүзүү жөнүндө брифинг учурунда айтып берди.

"Биз өз миссиябызды Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун парламенттик ассамблеясынын байкоочуларынын эл аралык тобунун курамында аткарабыз. Бул Советтер Союзу кулагандан бери эл аралык аянтчадагы бирден-бир уюм. Биз Кыргыз өлкөсүндөгүлөр менен сүйлөштүк. Алгач, бизди таң калтырган нерсеге көңүлүңүздү бурайын.

Референдумду кыргыз эли кандай кабыл алат? Биз бардык диалогду, бардык жолугушууларды үч сөз менен жыйынтыктай алабыз. Биринчиси – суроо-талап. Биз Кыргыз эли күчтүү лидерге суроо-талап койгондугун көрдүк. Кыргыз эли өлкөсүн күчтүү, өнүккөн жана укуктук мамлекет катары көргүсү келет. Мындан сырткары ишеним. Бул референдум мурунку үч революциянын жыйынтыгы деп билебиз. Бүгүнкү күндө кыргыз эли президентке ишеним көрсөтүшөт.

Бул ишеним расмий түрдө акталабы же жокпу, президенттик башкаруу формасы болобу же болбойбу аны бүгүн кыргыз эли чечет.

Ал эми үчүнчү - демократия. Эмнени айтпайлы, ар бир кадам, сөз - бул чоң ишеним, күчтүү мамлекетке күчтүү лидердин эң күчтүү суроо-талабы, мунун бардыгы элдик бийликтин негизи экендигин көрөбүз", - деп билдирди Выборный.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан