Саат 21:16га карата референдумга добуш бергендердин саны 35,18 пайыз болду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланды.
Жалпы 1 миллион 253 миң 151 шайлоочу референдумга добуш берди. 79.08 пайыз шайлоочу "макул" деп, 13.65 пайыз жаран "каршы" деп добуш берди.
Референдумду өттү деп табуу үчүн 30 пайыздан кем эмес шайлоочу добуш бериши зарыл.