Биз социалдык тармакта

Караколдо сабалган баланын апасы: "Баламдын баш сөөгү сынып, мээсине кирип кеткен"

Буга чейин, 9-апрелде Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында окуучулар арасында массалык мушташ чыгып, алардын бири оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Белгилүү болгондой, мушташка 9-10-класстардын окуучулары катышкан. SUPER.KG порталына иниси достору менен жүргөндө коңшу айылдан бир топ балдар келип, сабап кетишкенин баланын агасы айтып берген.
Ал эми апасынын айтымында, бала баш сөөгүнөн жана мээсинен жабыркаган. Балага операцияны Бишкектен жасатуу үчүн балдар ооруканасына алып келишкен.
"Балам катуу жаракат алган, башына катуу нерсе тийиптир. Дарыгерлер баш сөөгү сынып, мээсине кирип кеткен деп жатышат. Мен окуя кандай болгонун, балдар эмне талашып урушкандарын деле билбейм. 9-апрелде балам күндөгүдөй эле топ ойноп келем деп чыгып кеткен. Ошол учурда кошуна айылдан көп балдар келип, сабап кетишиптир. Оор жаракат алган балам эсин жоготуп жыгылыптыр. Көргөндөр айтып жатышат, жыгылып калганына карабай тепкилешиптир деп. Баламдын башында тамтык жок, моюну шишип кеткен, кийими канга боёлгон.

Андан бери 5 күн өттү, биз дароо милицияга арыз жазганбыз. Баламды сабагандар дагы деле табыла элек. Кайдыгер мамиле жасап жатышат. Баламды сабагандар жазаланбаса, президентке чейин кайрылам. Азыр мен баламдын ден соолугун гана ойлоп отурам. Көп жылдар бою дарыланышы керек экен. Балама азыр көп сүйлөгөнгө дагы болбойт экен, бул тема боюнча андан сурай элекмин", - деп билдирди апасы.

Ысык-Көл ОИИБинин маалыматына ылайык, бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен катталып, учурда териштирүү иштери жүрүп жаткандыгын билдиришти.

"Баламды сабагандар дагы деле табыла элек"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан