Ысык-Көлдө окуучулар арасында массалык мушташ чыгып, алардын бири оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жабыр тарткан окуучунун агасы билдирди.
Белгилүү болгондой, мушташка 9-10-класстардын окуучулары катышкан.
"Иним Каракол шаарындагы Чехов атындагы орто мектепте окуйт. Өзүнүн 3-4 досу менен жүрсө коңшу айылдан бир топ балдар келип сабап кетишиптир. Достору качканга үлгүрүп, иним жетишпей калган. Аны артынан таш же темир менен башына катуу уруп, эсин жоготуп, жыгылып калганына карабай тепкилешиптир. Учурда ооруканада, эсине келгени менен өзүн начар сезип турат. Дарыгерлердин айтымында каракуш мээсинен 3-4 сантиметр аралыктагы баш сөөгү сынган. Бул жакта операция жасай албайбыз дешип Бишкекке алып кеткенге даярдык көрүп жатышат", - деди жабыр тарткан окуучунун агасы.
Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов SUPER.KG порталына окуучунун денесине зыян келтирген балдардын аты-жөнү такталганын билдирди.
"Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен катталып, окуучунун денесине зыян келтирген балдардын аты-жөнү аныкталды. Учурда алар шаардык милицияга жеткирилип, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат", - деди басма сөз кызматкери.