Кыргыз өлкөсүндө туулган сиам эгиздер Гита жана Зитанын апасы Зумрият Резаханова Чүй облусундагы Сокулук районунун айылдык кеңешине депутат болуп шайланды. Бул тууралуу Резаханова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анда эгиздердин апасы партияга кирбегенин айтып, шайлоого өзү катышууну чечкенин жазган.
"Ура! Мен өттүм. Мага ишенип 210 адам добуш берди. Квота менен шайланган жокмун. Анткени элдин ишенимине киргим келген, оюм оңунан чыкты. Элге иштеп берериме сүйүнүп жатам. Баарыңыздарга ыраазымын", - деп жазган билдирүүдө.
Эске салсак, сиам эгиздери Гита жана Зита Резахановалар Жаңы-Жол айылында 1991-жылы туулган. 2000-жылдардын башында эгиздерди орусиялык хирургдар ажыратып, Зита жана Гита өз алдынча жашап калышкан эле. 2015-жылы түгөйлөрдүн бири Зита оорудан улам каза болгон. Кыздардын апасы Зумрият Резаханова кыздарынын кыялын ишке ашырып, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам көрсөткөн борбор ачкан.