Бириккен Араб Эмирлигинде космоско уча турган 2 астронавттын ысымы жарыяланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, 4 миң талапкердин арасынан тандалып алынган космонавттардын бири - аял. Ал космоско жол салган биринчи араб айымы болот.
"БАЭнин премьер-министри Мухаммед бин Рашид Аль Мактум тандалган космонавттар Мухаммед аль-Мулла жана Нура аль-Матруш жакында НАСАнын астронавттарды даярдоо программасына кошуларын билдирди", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин 2019-жылдын 25-сентябрында БАЭнин биринчи астронавты Хазза аль-Мансури космоско учкан. Эл аралык космос станциясында 8 күн жүргөндөн кийин аль-Мансури 3-октябрда Жерге кайтып келген.