Перуда автобус кырсыгынан 20 адам каза болду

Түштүк Америкада жайгашкан Перу мамлекетинин борборунда автобус кырсыкка учурап, 20 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, кырсык 12-апрелде эртең менен Сиуас провинциясында болгон. Автобустун айдоочусу рулду башкара албай калып, натыйжада унаа жолдон чыгып кеткен.

Белгиленгендей, 18 адам окуя болгон жерден көз жумса, дагы экөө ооруканага жетпей көз жумган. Ошондой эле 14 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышканы белгилүү болду. Алар ооруканага жаткырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан