Биз социалдык тармакта

"Баланын апасымын деген келин документин көрсөтө алган жок". Бишкектеги ата-энеси табылбай жаткан наристенин окуясы

Бишкекте ата-энеси табылбай жаткан 2 жашар бала балдар үйүнө жайгаштырылганы буга чейин маалымдалган. SUPER.KG порталына Бишкек шаардык Балдардын жана үй-бүлөнүн реабилитациялоонун адистештирилген борбору буларды билдирди.

"Кечээ, 12-апрелде саат 15:00 чамасында келин эки баласы менен биздин борборго Беловодское айылынан келген. Бирок биздин кызматкерлер ошол жактын социалдык кызматкерлерине жөнөткөн. Кечинде бизге 2 жашар бала келип түштү.

Азыр баланын апасымын деген келин келди. Аны милиция кызматкерлери таап келишиптир. Бирок тийиштүү документи жок болгондуктан, биз баланы берген жокпуз. Мыйзам боюнча, биз баланы көрсөтө дагы албайбыз. Ал аял документин жоготуп алганын айтып, таап келип, баласын алып кетерин айтты. Ал эми бала бизде калды. Баланын жашы болжол менен 2 жарым жашта.

Ал эми наристенин апасымын деген келин 1999-жылкы экенин айтты, бирок бизге документин көрсөтө албагандыктан, биз баланы бере албайбыз. Аялдын жанында дагы 4 жарым жашар кызы бар экен", - деди социалдык кызматкер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ergeshev.77
2021-04-13 22:26:39
Жолуктурсанар билинет эле го бала таанымак энесин документке такабай тим эле мындай карапайымдарга мыйзамды шумдук иштетип иесинер да ордуна депутаттын жардамчысынын кошугасы болгондобу
+3
mira28
2021-04-14 06:50:24
Ergeshev.77, нормальный эне баласын унутуп коюп 2 кунго чейин кабар албай отурбайт.Уйундо отуруп алып интернетке пост жазмак эмес.Бербегени жакшы болуптур.Жашоо шартын текшерип анан бериш керек.Баланын кийим кечеси таза эле корунот.Психикасын да текшериш керек.Оз учурунда Соц.опека.учетко албаса балдар кор болуп кетет.
-1
Ergeshev.77
2021-04-13 22:27:20
Кошунасы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан