Биз социалдык тармакта

Бишкекте жакындары табылбай жаткан 2 жашар бала балдар үйүнө жайгаштырылды. Анын ата-энеси дагы деле табыла элек

Бишкекте ата-энеси табылбай жаткан 2 жашар бала балдар үйүнө жайгаштырылды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери дагы деле баланын жакындарын издеп жатышат.

Ал эми Инстаграмдагы black_list_kg баракчасында төмөнкүдөй билдирүү тарады.

"Саламатсыздарбы! Баламды тапканыңар үчүн рахмат. Кызым экөөбүз дааратканага келгенбиз, бирок ал жерге тыюу салынгандыктан андан ары кетип, адашып кетиптирбиз. Эртең баламды алып кетем. Биринчи кезекте Октябрь РИИБине рахмат. Аларга байланышканда документин алып келип көрсөтүп анан алып кеткиле деди", - деп жазылат билдирүүдө.

Ал эми Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан баланын ата-энеси дагы деле табыла электигин айтып, жогорудагы жазылган билдирүү боюнча милиция кызматкерлерине эч ким байланышпаганын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
alym21
2021-04-13 10:59:21
Тообо
+1
TIMON_BERKOWITZ
2021-04-13 11:05:29
Эртен алып кетем дейт, походу чужой окшойт.
+1
sarbo
2021-04-13 11:22:30
сумкабыле эсиден чыгып кетип калгыдай
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан