АКШнын президенти Жо Байден Орусиянын президенти Владимир Путинге чалып, жолугушуу өткөрүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу АКШнын Ак Үйүнө шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
"Президент Байден Орусия менен АКШнын кызыкчылыгына ылайык туруктуу жана болжолдуу мамиле түзүү максатын тастыктады жана АКШ менен Орусиянын алдында турган маселелердин бардык спектрин талкуулоо үчүн жакынкы айларда үчүнчү өлкө саммитин өткөрүүнү сунуш кылды", - деп айтылат маалыматта.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки лидер ошондой эле аймактык жана глобалдык маселелерди талкуулашкан.
Мындан тышкары Байден Крымда жана Украина менен чек арада орус аскер күчтөрүнүн бекемделишине тынчсыздануусун билдирип, ал өлкөнүн "суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн колдоо боюнча АКШнын майтарылбас милдеттенмесин" баса белгиледи. Америка президенти Орусияны чыңалууну азайтууга чакырган.