Биз социалдык тармакта

Талас дарыясына түшүп кеткен. Ойноп жатып дайынсыз болгон 2 жашар баланы издөө иштери бүгүн да улантылат

Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылында 2 жашар бала дайынсыз болуп изделип жаткан. Буга чейинки издөө иштери натыйжасыз болуп, издөө бүгүн дагы улантылат. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

"12-апрель күнү саат 17:00 чамасында Өзгөрүш айылында 2019-жылы туулган Рамзан Айткулов Талас дарыясына чөгүп кеткен. Издөө иштерине жалпы 41 куткаруучу, 4 милиция кызматкери, жергилүктүү тургундардан 40 адам тартылып, саат 20:50дө убактылуу токтотулган. 14-апрель күнү издөө иштери улантылат", - дешти мекемеден.

Ал эми Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан 2 жаштагы Рамзан Айткулов Кара-Суу суусуна жакын жашай турганын билдирди. Тагыраагы, бала жашаган үй Талас дарыясына куйган Кара-Суу суусуна жакын.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jazmina909090
2021-04-14 14:29:12
Оо АЛЛАХЫМ АЙТТЫРБАЙ КЕЛГЕН БӨӨДӨ КЫРСЫКТАН САКТАЙ КӨР.БАЙКУШ БАЛАПАН БАЛА. ЖАКШЫЛАП КАРАБАЙТ БЕЛЕНЕР ТЕМБОЛЕЕ СУУГА ЖАКЫН ЭКЕНСИНЕР БАЛАНЫ КАРООСУЗ ТАШТАБАГЫЛА.АКЫЛ ЭСИНЕ КИРЕЛЕК БАЛА ЭКЕН БАЙКУШУМ.ЖАННАТТАН ОРУН БАР САГА
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан