Таласта үйдүн короосунда ойноп жаткан 2 жашар бала дайынсыз болуп изделүүдө

Талас облусунун Бакай-Ата районунда 2 жашар бала дайынсыз болуп изделүүдө. Облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, наристе үйдүн короосунда ойноп жаткан жеринен дайынсыз болгон.
Маалым болгондой, 12-апрелде саат 17:30 чамасында Бакай-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Анда Өзгөрүш айылынын тургуну саат 15:30 чамасында 2019-жылы туулган Рамзан Айткулов аттуу баласы үйүнүн эшигинин алдында ойноп жатып, белгисиз себептер менен жоголуп кеткендигин билдирген.
"Жерине ыкчам тергөө тобу барып, бала чоң энесинин, апасынын (кир жууп жатышкан) жанында ойноп жүргөн. Жарым сааттан кийин эле баласы Рамзанды издеп таппай калышкан.
Баланы издөө иштерине Бакай-Ата РИИБинин 80ден ашык кызматкери, 6 куткаруучу, айыл тургундары тартылып, Кара-Суу жана Талас дарыясын бойлоп издешти. Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, ал Талас дарыясына агып кетиши мүмкүн", - дешти мекемеден.
Учурда издөө иштери улантылууда. Талас ОИИБи 2 жаштагы баланы көргөн, билгендер болсо кабарлап, жардам берүүңүздөрдү суранат.
Байланыш номерлери: 03457 32314, 03422 6 0547,0701 131396, 0701 601 629, 0779 102 153 же 102.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Danil-adil-
2021-04-13 10:12:02
Аман эсен табылып калса экен.
+3
mira28
2021-04-13 12:35:02
Койгула оозунарды шамал учурсун.Аман эсен табылат деп тилейли.Ширин бала экен отурушун мойтойуп.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан