
Банан дүйнө жүзүндөгү өтө кооптуу козу карындын көбөйүп кеткенинен улам жок болуу коркунучунда турат. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Tropical Race 4 (TR4) илдети 20-кылымда Азияда жана Австралияда жайыла баштап, биринчи жолу 2019-жылы бананды дүйнө жүзүнө эң көп экспорттогон Түштүк Америкада табылган. Мындан улам Колумбия менен Гондураста плантациялардын иши токтогон. Бул илдеттен дүйнөлүк банан соодасынын 95 пайызын түзгөн Кавендиш сорту жабыркаары белгилүү болгон.
Кооптуу козу карындар эч кандай химиялык заттардын таасирине кабылбайт жана козу карын чыккан топурактар 30-40 жылга чейин иштетүүгө жараксыз болот. Адистердин айтымында, дыйкандын таманындагы булганган топурактын кичинекей бөлүкчөсү дагы инфекцияны жайылта алат.