Кызын турмушка узатып жатканына бир чети сүйүнүп, бир чети ичи ачышып отурган акын “Ак жолтойлуу келин бол” ырын жаратты. Бул ырды жалгыз кызына насааты, батасы катары жазды. Акын кызын жанындай жакшы көрөр эле. Автокырсыкка кабылып, буту баспай 49 жыл төшөктө жатып калган таланттуу инсанга кызы күч-кубат берип турчу. Акын Өмүркул Кулумбаев ырга обон жазууну досу, иниси катары жакын адамы болгон обончу Камчыбек Жусуповго тапшырды. Аягында сөзү, обону жуурулушуп эл оозунан түшпөй ырдалчу керемет ыр жаралат.
Ырдын тарыхы тууралуу макаланы толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы, №958 санынан окуй аласыз.