
Нигериянын Нгво шаарында 3 эм жигиттер бир күндө үйлөнүшүп, кайра бир учурда ата болушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, алар 2020-жылдын 6-июнь күнү чогуу үйлөнүп, үлпөт тоюн өткөрүшкөн. Кызыгы, 10 айдан кийин үчөө тең балалуу болушкан. Пасха майрамында алар чиркөөгө үй-бүлөлөрү менен барып ымыркайларына бата алышкан.
"Бул биздин бала кезден берки кыялыбыз болгон. Биздин апабыз дагы үчөөбүздүн чогуу үйлөнүшүбүздү каалачу. Ал үчөөбүздүн бир күндө үйлөнүп жатканыбызды элестеткенди жакшы көрчү. Тилекке каршы, апабыз 2013-жылы каза болуп калган, бул күндү көрбөй калды", - деп билдиришкен алар.
Белгилей кетсек, 3 эм жигиттердин жубайлары эгиздер эмес.