Инстаграмда жаңы функция пайда болду

Инстаграмда жаңы функция пайда болду. Бул тууралуу аталган тиркеменин жетекчиси Адам Моссеринин билдирүүсүнө таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, эми Инстаграмда колдонуучулар жарыялаган посттун астына калтырылган "жакты" белгилеринин санын өчүрүү же жашыруу функциясы пайда болот.

"Биз сиздерге эмне ылайыктуу экендигин чечүүгө мүмкүнчүлүк берген жаңы функцияны сынап жатабыз. Бирөөнүн постторундагы лайктардын санын көрбөөнү, постторуңуз үчүн ушул саноону өчүрүп коюуну же сактоону тандаңыз", - деген ал.

Моссеринин айтымында, учурда ушундай эле функция Facebook социалдык тармагы үчүн да сыноодон өтүп жатат.

Белгилей кетсек, мындан 1 жыл мурун 7 өлкөдө, анын ичинде Бразилия жана Канадада Инстаграм колдонуучуларынын постторундагы "жакты" белгисин эсептөөнү өчүрүү функциясы сыноодон өтө баштаган. Көпчүлүк колдонуучулар жарыяланган постторунун популярдуулугун байкап көрүү үчүн "жакты" белгисинин санын көрүү мүмкүнчүлүгүн сактап калууну каалагандыгын айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан