Украинанын Харьков шаарынын тургуну ден соолугуна байланыштуу коронавирус илдетин төрт жолу жуктуруп алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Дарыгер 4-ирет коронавирус илдетин жуктуруп алган кишинин организминин иштөөсү начарлагандан улам антителолор иштелип чыкпагандыгын түшүндүргөн. Бейтап үйүнө чыгарылган", - деп жазылат маалыматта.
Айта кетсек, 14-апрелге карата Украинада коронавирус илдетин жуктуруп алган адамдардын саны 1 миллион 900 миңден ашкан, тилекке каршы 40 миңге жакын адам көз жумган.