Депутат: "Мен көтөргөн маселенин 100 пайызын өкмөт аткарган жок"

Депутат Бейшеналы Нурдинов өкмөт депутаттар көтөргөн маселени аткарбай жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Аптасына бир жолу ар кандай маселелер каралып, депутаттар социалдык маселелерди көтөрүп чыгышат. Мен депутат болгондон бери 30-40 маселе көтөрдүм. Бул боюнча өкмөт 100 пайызын аткарган жок. Эмне үчүн бул жерге келип бул маселени көтөрөбүз? Өкмөттүн өкүлү бул маселени премьер-министрге жеткирип коюңуз. Эл тарабынан айтылган көйгөйлүү маселелерди карап көтөрүп чыксак, өкмөт карабайт. Анан депутаттар эч нерсе аткарбай жатат деп жаман көрүшөт", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан