УКМК: "Райымбек Матраимовго козголгон кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылды"

УКМК Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго козголгон кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылды. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Ушул жылдын 18-февралында Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып жана аны камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы каралган.

Сотко чейинки өндүрүштү баштоого интернетте кеңири тараган Райымбек Матраимовдун Дубай Эмиратында кымбат мүлкү бар экендиги боюнча "Азаттыктын" журналисттик иликтөөсүнүн материалдары негиз болгон.

Бул иштеги чындыкты аныктоо максатында Матаримовдун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн чет өлкөлөрдө кандайдыр бир мүлктөрүнүн болушу жөнүндө тергөө тарабынан КМШ өлкөлөрүнүн, Европанын, Кытайдын, Түркиянын жана ошондой эле Дубай Эмиратынын компетенттүү органдарына тиешелүү өтүнүчтөр жөнөтүлгөн.

Бирок аталган мамлекеттердин компетенттүү органдарынын расмий документтерине ылайык, Матраимов жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү жок болуп чыкты.

Мындан улам журналисттердин материалдарында келтирилген жүйөлөр ырасталган жок жана тергөөгө далилдер тапкан эмес, андан сырткары Райымбек Матраимов жана анын үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ар кандай кыймылсыз мүлктү сатып алуу фактылары тастыкталган эмес.

Буга байланыштуу, жазык-процесстик мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен Райымбек Матраимовго карата козголгон кылмыш иши токтотулуп, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы жокко чыгарылды.

Ошол эле учурда Райымбек Матраимов өз ыктыяры менен баасы 20 миллион сомдон жогору, жалпы аянты 232,3 метр квадрат квартирасын мамлекеттин бюджетине өткөрүп берди.

Эскерте кетсек, 18-февралда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимов кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашкан.

Мекеменин маалыматына ылайык, Матраимов кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. 20-февралда Биринчи Май райондук сотунда анын баш коргоо чарасы каралып, эки айга камакта калтырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан