Депутат медицина кызматкерлерине колдоо көрсөтүү зарылдыгын айтты

Депутат Иса Өмүркулов медицина кызматкерлерине колдоо көрсөтүү зарылдыгын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал коронавирус илдети күндөн-күнгө күчөп жатканына токтолду. "Бүгүнкү күндө жалпы ооругандардын саны 100 миңге жетти. Абал дагы кыйындай тургандыгы айтылууда. Андыктан илдетке каршы күрөшүүнү күчөтүү керек. Айрыкча дарыгерлерге жана жалпы эле медицина кызматкерлерине колдоо көрсөтүү зарыл. Муну менен катар пандемия маалында кызмат кылып жүрүп каза болгон ак халатчандарга арнап эстелик тургузууну сунуштайм", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан