"ИИМдин имаратынын алдында эмне болуп жатат деп телефон карап отурасыз" деп депутат Рыскелди Момбеков ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевди сындады. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Визасыз режим деген мамлекеттин бедели. Ачык мамлекет деген нерсе да. Кошуна Өзбекстанда 7 күндүк виза, Казакстанда 15 күндөн 30 күнгө узартты. Бизде 60 күнгө, бул көп эмеспи?", - деп кайрылды депутат.
Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаровду ар бир мамлекет саясатын өзү жүргүзүшү керектигин айтты. "Инвестицияга муктаж мамлекет болгон үчүн беделибизди көтөрүшүбүз керек", - деди Мадмаров.
Момбеков туристтер 60 күнгө келбей турганын белгиледи. "Чет элдик жарандардын кылмыш кылганы боюнча маалымат барбы? ИИМдин имаратынын алдында эмне болуп жатат деп телефон чукулап отурасыз", - деди депутат.
Ички иштер министринин орун басары отчётту карап жатканын айтты.