Грузия бийлиги ушул жылдын сентябрь айына чейин Ооганстандан аскерлерин чыгарып кетүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.
"НАТО ушул жылы Ооганстандагы миссиясын биротоло токтотууну чечти. Буга ылайык, НАТО менен макулдашкан грузин аскерлери да бул өлкөдөн чыгып кетишет", - деди Грузиянын премьер-министри Иракли Гарибашвили.
Гарибашвили Грузия НАТОнун өнөктөш өлкөсү катары аскерлерин 2004-жылы Ооганстанга киргизгенин, учурда 860 аскер кызматкери кызмат өтөп жатканын кошумчалады.
Эске салсак, АКШнын президенти Жо Байден америкалык аскерлер Ооганстандан 11-сентябрга чейин чыгарын расмий жарыялаган.