Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Орусия Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан маалымдашты.
Жолугушууда тараптар бир катар маселелерге токтолушуп, анын ичинен парламенттер аралык өнөктөштүк, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) алкагындагы алакалар тууралуу пикир алмашты. Муну менен катар эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалы боюнча ой бөлүштү.
Өз кезегинде Валентина Матвиенко 11-апрелде Конституциянын жаңы долбоору боюнча уюштурулган референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. Төрайымдын айтымында, Федерация кеңешинин делегациясы Кыргыз өлкөсүндөгү референдум жогорку деңгээлде, ачык жана демократиялык шартта өткөнүн белгилеген. "Кыргыз Республикасында Баш мыйзамдын өзгөртүлүшү маанилүү кадам болду, анткени Конституция бардык мамлекет үчүн негизги мыйзам болуп эсептелет", - деди Валентина Матвиенко.
Ошондой эле төрага Баш мыйзамдын долбоору боюнча референдум өткөрүү жөнүндөгү демилге, ушул жылдын 10-январында башкаруу формасын тандоо максатында өткөрүлгөн референдумдун уландысы экенин маалымдап, анда шайлоочулардын 80 пайыздан ашууну башкаруунун президенттик формасына артыкчылык бергенин кошумчалады.
Эскерте кетсек, Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын Кеңешинин отурумуна катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына барган.