Артём Новиков Бириккен улуттар уюмунун өкүлү менен COVID-19'дун үчүнчү толкуну тууралуу баарлашты

Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Кыргыз өлкөсүндөгү Бириккен улуттар уюм тутумунун туруктуу координаторунун милдетин аткаруучу Луиз Чемберлен менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда тараптар Кыргыз өлкөсүндөгү COVID-19 илдетинин жайылышынын алдын алуу боюнча биргелешкен чараларды. Ошондой эле COVID-19'дун үчүнчү толкуну учурундагы өкмөттүн жана эл аралык өнөктөштөрдүн калкты маалымдоо, дары-дармек каражаттарын ташуу, калкты эмдөө жана эпидемиологиялык тобокелдиктер маселеси талкуулады.

Луиз Чемберлен маалымдагандай, COVID-19 ыктымалдуу жаңы толкунуна байланыштуу алар үч маанилүү чакырыкка көңүл бурууга ниеттенүүдө.

"Биринчиси – вакцина жана эмдөөгө тийиштүү маселе, экинчиси – Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин тутумунун жооп кайтарууга даярдыгы, үчүнчүсү – социалдык коргоо. Биздин байкообузда, өлкөдө коронавирус инфекциясынын үчүнчү толкуну тездик менен күч алууда. Азыртадан оорунун жайылышынын алдын алуу тобокелдигин жоюу боюнча тийиштүү чараларды кабыл алуу керек. Биз өнөктөш катары биргеликте иш алып барганда көп нерсеге жетише алабыз. Биз өзүбүз тараптан социалдык жана гендердик мүнөздөгү маселелерде жана ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярбыз", - деди Луиз Чемберлен.
"Биздин милдет – адамдардын өзүнө туура келген вакциналарды тандап алуусун сунуштоо. Учурда "Спутник V" вакцинасын ташып келүү тууралуу консультациялар жүрүүдө. Sinopharm кытай вакцинасы менен вакцинациялоо жүрүүдө. Биздин саламаттык сактоо тутумунун COVID-19 үчүнчү толкунуна карай даярдыгына тийиштүү билдирсек, ата мекендик саламаттыкты сактоо тутуму 2020-жылы өлкөдөгү эпидемиянын кескин жайылышына даяр эместиги боюнча өкмөт белгилүү тыянактарын чыгарды. Эки этапта 11 миңден ашуун койко-фонддун ачылышы, өлкөдө оорунун жайылышы боюнча абалды эске алуу менен медициналык адистердин резерви ишке киргизилип, зарыл жабдуулар, коргонуу каражаттары менен камсыздалат", - деди Артём Новиков.

Мындан тышкары, сентябрь айынан тарта мектеп медицинасы боюнча чоң долбоор ишке киргизилет. Өлкө боюнча ар бир билим берүү мекемесинде медициналык кабинеттер уюштурулуп, жер-жерде жылы бою иштей турган медперсонал түзүлөрү айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан