Биз социалдык тармакта

Бир суткада 1 жарым миңден ашуун адам коронавируска каршы эмделди

Бүгүн, 16-апрелге карата өлкө боюнча 6 миң 814 адам коронавируска каршы эмдөө алышты. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, соңку сутка ичинде 1 миң 534 адам эмдөөдөн өттү. Жалпы эмдөө алгандар аймактар боюнча:
Бишкек шаары – 751;
Ош шаары – 661;
Чүй облусу – 649;
Ош облусу - 2 миң 481;
Ысык-Көл облусу - 484;
Талас облусу - 38;
Нарын облусу - 508;
Жалал-Абад облусу - 1 миң 59;
Баткен облусу - 183.
Эске салсак, Кыргыз өлкөсүндө коронавируска каршы эмдөө 29-мартта старт алып, анда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев биринчилерден болуп эмдөөдөн өткөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuban-1207
2021-04-16 11:05:25
Бул эмдөөдөн пайда жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан