ДССУ дүйнөдө коронавирустун таралышы эң жогорку чегине жетип калганын жарыялады

COVID-19дун дүйнөдө жайылуу ылдамдыгы пандемиянын эң жогорку көрсөткүчүнө жакындап калды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус билдиргенин чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

"Дүйнө жүзү боюнча COVID-19дун жугушу жана аталган оорудан каза болгондордун саны өсүүдө. Дүйнөдө жумалык жаңы ооруну жуктургандардын саны акыркы эки айда эки эсеге көбөйдү жана биз буга чейин көргөн инфекциянын жогорку көрсөткүчүнө жакындап калды", - деген ал.

Акыркы маалыматтар боюнча дүйнөдө коронавирус инфекциясын 139 миллион 214 миң 611 адам жуктуруп алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан