
Эстониялык депутат парламенттик жыйынга онлайн режимде кошулуп, тамеки чегип, музыка угуп, төшөктө жатты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Эстониянын оппозициялык партиясынын мүчөсү Тармо Круусимяэ парламенттин сессиясына үйүнөн онлайн форматта кошулуп, ыңгайсыз абалда калды.
Парламент жыйынында депутаттын суроосун угуу үчүн камерасы күйгүзүлгөндө, депутат төшөктө майкачан, электрондук тамеки чегип, музыка угуп жаткан. Ал экранды карап жатса дагы, ага сөз берилгенин байкаган эмес. "Аралыктан иштөө - бул бакыт да, азап дагы. Мен парламент жыйынындагы ишти абдан маанилүү деп эсептейм. Бирок мен ыңгайсыз абалда калдым", - деп билдирген ал.