Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Орусия Федерациясындагы иш сапарынын алкагында Санкт-Петербург шаарында жашаган мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта жазылгандай, жолугушууга депутаттар Каныбек Иманалиев, Айнуру Алтыбаева жана Жогорку Кеңештин КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын жана ЖККУ Парламенттер аралык ассамблеясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатвалдиев катышты.
"Алгач төрага Кыргыз өлкөсүндөгү ички саясий абал жана референдумдун жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. Муну менен катар Санкт-Петербург шаарында өткөн КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын отурумдарынын жыйынтыгы жөнүндө кеп кылып, анда Орусиядагы эмгек мигранттарынын турмушун жакшыртуу багытында кабыл алынуучу чараларга өзгөчө көңүл бурулганын белгиледи.
Ошондой эле Жогорку Кеңеш чет жердеги мекендештердин укугун жана кызыкчылыгын коргоо үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын билдирип, төраганын алдында Миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар маселелери боюнча кеӊеш түзүлгөнүн маалымдады. Талант Мамытов белгилегендей, аталган Кеңеш чет жердеги мекендештерди колдоо боюнча сунуштамаларды өз убагында иштеп чыгууну камсыздайт.
Жолугушуу баарлашуу форматында уланып, катышуучулар мигранттардын турмушун жакшыртуу боюнча пикирлери менен бөлүштү", - деп жазылат маалыматта.
Талант Мамытов каза болгондордун сөөгүн Орусиядан Кыргыз өлкөсүнө жеткирүүдөгү кыйынчылыктар, эки өлкө ортосундагы авиабилеттердин кымбаттыгы, "Мекен-Карт" системин киргизүү, Санкт-Петербург шаарында жайгашкан Чыңгыз Айтматов атындагы эс алуу жайын өнүктүрүү, Башкы консулдук ачуу, эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүн милдеттүү медициналык камсыздандыруудан өткөрүү жана билим берүү тармагын жакшыртуу сыяктуу маселелерге тиешелүү суроолорго жооп берди.