Буга чейин дайынсыз жоголуп изделип жаткан 21 жаштагы Байсалбек Каныбек уулу аман-эсен табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Ал 11-апрелде Студенческое айылындагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып келген эместиги маалымдалган.
Маалыматка ылайык, издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган жигит "Дордой" базарынын аймагындагы досунун үйүнөн табылган.
"Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, ал туугандары менен урушуп кетип, досунукуна кетип калган. Учурда ага милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн соң туугандарына өткөрүлүп берилди", - деп жазылат билдирүүдө.