Сокулук районунун милициясы дайынсыз болуп жаткан 21 жаштагы Байсалбек Каныбек уулуна издөө салат. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Байсалбек Каныбек уулу 2000-жылы туулган. Ушул жылдын 11-апрелинде Студенческое айылындагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып келген эмес.
Өзгөчө белгилери: бою 168-169 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кара кыска.
Кийген кийимдери: кара түстөгү жеңи жок күрмө, узун жеңдүү шахмат көйнөгү, кара жынсы шым, бутунда кара туфли.
Милиция изделип жаткан өспүрүм тууралуу маалымат билгендер болсо, төмөнкү номурларга кайрылып коюуну өтүнөт: Чүй ОИИББинин нөөмөт бөлүмү (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмү (0312) 60-75-67, 0558 86 14 86,0701 80 18 03.