Замирбек Малабеков Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы маалымат таратты.
"Карашев Замирбек Өскөнович Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулуп, Малабеков Замирбек Төлөбаевич Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды", - деп жазылат билдирүүдө.
Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Улукбек Марипов кол койгон.
Замирбек Малабеков 2014-2016-жылдар аралыгында Бишкек шаарынын биринчи вице-мэринин милдетин аткаруучу болуп иштеген.