Өзбекстандын мурдагы лидери Ислам Каримовдун кызы, учурда камакта жаткан Гүлнара Каримованын кымбат баалуу вилласы аукциондо сатылат. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.
Ташкенттин түндүк-чыгыш тарабындагы 94 гектар жерге курулган имаратты сатып ала турган адам ал жайды мейманкана катары гана иштете алат. Ал жерде шарап заводу, дискотека залы, кинотеатр, амфитеатр, жабык жана ачык бассейндер, теннис аянтчасы жана япон бакчасы бар.
Коррупция, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана документтерди жасалмалоо сыяктуу кылмыштары үчүн түрмөгө кесилген 48 жаштагы Керимованын үйүн аукциондо сатуу 30-апрелде болот.