Белгилүү Forbes журналы акыркы апта ичинде кирешесин көбөйтө алган миллиардерлердин тизмесин жарыялады. Бул тизмени аталган журналдын расмий сайтына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жарыялашты.
Ага ылайык, акыркы апта ичинде киреше булагы жогорулаган ишкерлердин сап башына америкалык ишкер, SpaceX жана Tesla компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск жайгашты. Аны менен катар Louis Vuitton Moët Hennessy (LVMH) компаниясынын президенти Бернар Арнонун кирешеси көбөйгөн. Маалыматка караганда, алардын кирешеси акыркы апта ичинде 13 миллиард долларга көбөйгөн.
Муну менен Бернар Арнонун жалпы байлыгы 181 миллиард 600 миллион долларды түзсө, Илон Масктыкы 179 миллиард 700 миллион доллар болду.