Сиз да тез даярдалуучу кесмени жакшы көрөсүзбү? Адис андан баш тартуунун себебин айтты

Көпчүлүк жаш муун сүйүп жеген тез даярдалуучу кесме ден соолукка зыян. Өзгөчө ага кошулган даам берүүчү татымалдары организм үчүн кооптуу. Бул тууралуу орусиялык врач-эндокринолог Екатерина Иванникова жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде билдирген.

Анын айтымында, тез даярдалуучу кесмени байма-бай колдонуу организмде белоктун жетишсиздигине алып келет. Бул адамдын салмагына жана муундарына кедергисин тийгизет. "Бардык тез даярдалуучу кесменин курамына жумуртка, суу жана туздан башка эч нерсе кошулбайт. Эң кооптуусу бул даам берүүчү татымалдар, ал организм үчүн негативдүү фактор болуп саналат. Эгерде адам ар дайым тез даярдалуучу кесме менен азыктанса, ал белоктун жетишсиздиги менен жабыр тарткан адамдардын тобуна кирет", - деген адис.

Айтымында, тез даярдалуучу кесмени аз өлчөмдө жана чанда бир колдонсо болот, ошол эле учурда даам берүүчү татымалдарын кошуудан баш тартуу керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан